Мурат Суталинов УКМКга эмнеге чакырылганын айтты

Мурат Суталинов УКМКга эмнеге чакырылганын айтты

УКМКга «маектешүүгө» чакырылган Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновго расмий эскертүү берилди. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, УКМКнын кызматкери ага социалдык тармактарда Украинадагы согушка байланыштуу билдирүүлөрдү жасаганы үчүн расмий эскертүү берип, андан кийин кое берген.

Эскерте кетсек, Мурат Суталинов 23-ноябрда УКМКга «маектешүүгө» чакырылганын билдирген.

2005-жылдын мартында Суталинов башкы прокурор болгон. 2005-жылдын май айында ички иштер министри болуп дайындалган. 2006-жылдын күзүндө Улуттук коопсуздук кызматын (азыркы УКМК) 2010-жылдын 7-апрелине чейин жетектеген. Убактылуу өкмөт аны кызматтан алган.

Кийин соттолуп, жазасын абакта өтөгөн. Ал эми 2019-жылдын 7-майында Бишкек шаардык соту Суталиновду оорусуна байланыштуу камактан бошоткон.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>