SuperTV’нын журналистин сабап кеткен шектүү кармалды — видео

SuperTV’нын журналистин сабап кеткен шектүү кармалды — видео

SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековдун сабалышына шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-октябрда Ж.Б. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Ал арызында 26-октябрда саат 23:00 чамасында борбор калаанын көчөлөрүнүн биринен белгисиз жарандар күч колдонуп, 10 миң сомдук Samsung Galaxy J2 телефонун жана 3,5 миң сом акчасы бар капчыгын тартып алышканын билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары 22 жаштагы А.К. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда экинчи шектүүнүн дарегин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө жана издөө иш-чаралары улантылууда.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>