Мурда соттолгон адамдар депутат, мамлекеттик кызматкер боло албайт

Мурда соттолгон адамдар депутат, мамлекеттик кызматкер боло албайт

Коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгон адамдар мамлекеттик кызматтарда иштебеши керек. Мындай демилгени  Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоору тармактык комитетте биринчи окууда каралды.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев, Медербек Алиев, Кундузбек Сулайманов, Ырысбек Атажанов жана Фархат Исмаилов тарабынан демилгеленген.

Демилгечи депутаттардын бири Жеңишбек Токторбаев белгилегендей, сунушталган мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алууга багытталган.

Тактап айтканда, мыйзам долбоору менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Борбордун статусу жөнүндөгү”, “Ош шаарынын статусу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү каралууда.

Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгон жактын соттолгондугу мыйзам менен белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабай, аким, шаардын мэри, айыл өкмөттүн башчысы, жергиликтүү кеӊештин депутаты, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкер боло албастыгы жөнүндөгү ченем киргизүү сунушталып жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>