КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлору чет өлкөдөгү активдерди кайтаруу боюнча тармак түзүштүКМШ өлкөлөрү коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтыкты тереңдетүүдөКР Мамлекеттик салык кызматы компанияларга кызматкерлердин сервистерге кирүүсүн өз алдынча жөндөөгө шарт түздүБишкекте 5-октябрда мектептер жана бюджеттик мекемелер онлайн иштейт«Учур» театрынын «Чиркин өмүр» спектаклинин коюлушу 6-октябрга жылдырылдыСадыр Жапаров Кыргызстандын алгачкы улуттук спутнигин учуруу үчүн Лос-Анжелеске барды
«КАМАЗ» концернине беш жүз кыргызстандык жумушка орношо алат
23.05.2023 | 15:23
“КАМАЗ” концернине 500 кыргызстандык жумушка орношо алат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен КАМАЗ автоконцернинин директорунун орун басары Жанна Халиуллинанын жолугушуусунда белгилүү болду.
Алар билим берүү жана суроо-талапка ээ болгон кесиптерге окутуу жана мындан ары автозаводдун өндүрүштүк базасында ишке орноштуруу боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.
“Эмгек министрлиги кесипке багыт берүү жана өзгөчө жаштарды кесипке үйрөтүү маселелерине чоң көңүл бурат. Ушул жылдын 4 айында эле ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 2 миң адам кесиптик окууга жиберилди”, – деди Кудайберген Базарбаев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом