Дискотекадан массалык мушташ чыгып, эки өспүрүм жараат алды

Дискотекадан массалык мушташ чыгып, эки өспүрүм жараат алды

Токмок шаарында өспүрүмдөр ортосунда массалык мушташ чыгып, эки адам бычактан жараат алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-декабрда милицияга Борончиев менен Сарыбагышев көчөлөрүнүн кесилишинде массалык мушташ чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалыматты текшерүү учурунда, Токмок шаарындагы «Жомок» дүкөнүнүн экинчи кабатында Жаңы жылга карата дискотека уюштурулуп, анда Токмок менен Чүй районунун өспүрүмдөрү ортосунда чыр чыгып, ал массалык мушташка айланганы аныкталган.

Анын жыйынтыгында Чүй айылынын 18 жаштагы Ж.С. жана 17 жаштагы К.М. аттуу тургундары бычактан жараат алган.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Ыкчам-тергөө иштеринин жыйынтыгында массалык мушташтын катышуучулары аныкталып, алар Токмок шаарынын жана Чүй районунун 2005-2007-жылы туулган тургундары экендиги аныкталган. Алар шаардык милицияга алынып келген», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган кылмыш иштин алкагында 16 жаштагы Т.Р. аттуу шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, мушташтын башка катышуучуларын аныктоо иштери жүрүүдө. Тергөө уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>