Ар кыл чөйрөнүн ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Ар кыл чөйрөнүн ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, бир нече жаран жана окуу жайлар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.

II даражадагы «Манас» ордени:

Базаров Геннадий Садырович — «Кыргызтелефильм» чыгармачылык-өндүрүштүк кино-видео фирмасынын режиссеру, сценаристи;

Плоских Владимир Михайлович — Улуттук илимдер академиясынын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун башкы илимий кызматкери;

III даражадагы «Манас» ордени:

Алышукуров Жолдошбек — Нарын облусунун Жумгал районундагы «Топоз-Бизон» айыл чарба мал чарбачылык кооперативинин башчысы;

Бедияров Арзыбек Абдуллаевич — композитор, Жалал-Абад облустук Т. Тыныбеков атындагы филармониянын артисти, «Гүлгүн жаш» элдик-эстрадалык-фольклордук тобунун жетекчиси;

Нурунбетов Балтахун Аттокурович — А. Мырсабеков атындагы Ош  мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору, Кыргызстан калкы ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы;

«Курманжан Датка» ордени:

Сартбаева Кайыргуль Сартбаевна — К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын соло ырдоо кафедрасынын профессору;

«Даңк» ордени:

— Борубаев Назирбек Нарматович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;

— Жумаева Роза Ражаевна — “Демократиялык Кыргызстан аялдар комитети” коомдук бирикмесинин төрагасы;

— Омуралиева Гулсара Кушатовна — А. Мырсабеков атындагы Ош  мамлекеттик педагогикалык университетинин биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын профессору;

— Султанбекова Чолпон Аалыевна — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ишеним” парламенттик фракциясынын депутаты;

— И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — Бишкек шаары.

«Кыргызстандын эл артисти» наамы: 

Асанкадыр Советжан — Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын бөлүм башчысы;

Молдобакиров Зарылбек Алдажарбекович — К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын «Режиссура-хореография» кафедрасынын улук окутуучусу;

Полотов Нурматбек Улукмырзаевич — А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын дирижеру;

«Кыргыз эл акыны» наамы:

Нурманбетов Тынчтыкбек Асанкуловичке — «Кырчын» журналынын башкы редактору;

«Кыргыз эл жазуучусу» наамы:

Матисаков Абдиламит Мурзаевичке — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин профессору;

Назаралиев Бекен Сапарбаевичке — жазуучу, журналист, “Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;

«Даңк» медалы:

Батырбеков Тажимурза Турдалиевич — Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери;

Дайырбекова Гулнара Мелисовна — “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

Капарова Чынара Абдылдаевна — Ж. Баласагын  атындагы Кыргыз улуттук университетинин телерадиожурналистика кафедрасынын улук окутуучусу, “Кыргыз Республикасынын журналисттер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасынын кеңешчиси;

Каримов Козубек- Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын сахна жабдууларын эксплуатациялоо начальниги;

Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитович — пенсионер, Бишкек шаары;

Кулматова Айнюся Шамшидиновна — Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Улуттук Биринчи каналдын “1-Канал” студиясынын редактору;

Маасалиев Айтбай Кудайбердиевич — Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери;

Назаров Темирбек Токтобаевич — Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын Ош гарнизондук офицерлер үйүнүн музыканты;

Осмонов Дамирбек Асилбекович — “Бикард” кардиохирургиялык клиникасынын башкы врачы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары башкы интервенциялык кардиологу жана аритмологу, Европалык кардиологдор ассоциациясынын жана Америкалык кардиологдор колледжинин академиялык мүчөсү;

Рыскельдиев Турарбек — Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери;

Солдатов Игорь Васильевич — Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э. Гареев атындагы Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтунун мөмөлүү өсүмдүктөрдүн лабораториясынын башчысы;

Теймуров Гамид    Гамза-Оглы — Чүй облусунун Чүй районундагы “Ала-Тоо” айыл чарба кооперативинин башчысы;

Туманбаев Каныбек Тургунбекович — Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;

Чолпонбаев Замирбек Джапарович — Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери;

«Москва энергетикалык институту» улуттук изилдөө университети — Москва шаары, Россия Федерациясы;

«Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти» наамы:

Абдувалиев Курманбек Шаанбекович — К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрынын сахна чебери;

Жолдошева Гулмира Сапаровна — Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;

Желденбаев Элдияр Мусаевич — Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кыргыз фольклордук тобунун артисти;

Жумалиев Болотбек Жакыпович — мультипликациалык фильмдердин сүрөтчү-коючусу, «Кыргызстан кинематографисттер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсү;

Жуманова Кайыргуль Максытовна — С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти;

Зейналиева Калидакан Насиралиевна — С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти;

Искеналиев Съезбек Искеналиевич — Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин «Семетей» ыр-бий ансамблинин солисти;

Карыбекова Зулпия Нажимидиновна — актриса, ырчы, алып баруучу;

Кулуев Максат Маратович — Кыргыз улуттук «Манас» театрынын акын-импровизатору;

Мейзер Зульфия Сулеймановна — Кыргызстан калкы ассамблеясынын «Достук» тобунун солисти, Коргоо министрлигинин Борбордук армия үйүнүн солисти;

Сарыбаев Азамат Бектурганович — Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын А. Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» кыргыз фольклордук тобунун артисти;

Үсөнов Урматбек Бейшенбекович — эстрада ырчысы;

Мамлекеттик сыйлык алгандардын толук тизмеси

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>