Олимпиаданын лицензиясы үчүн мелдеш: Дагы эки балбан жарым финалга өттү

Олимпиаданын лицензиясы үчүн мелдеш: Дагы эки балбан жарым финалга өттү

Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Үзүр Жусупбеков менен Роман Ким Олимпиадага лицензия ойнотулуп жаткан Бишкектеги Азиялык лицензиялык мелдештин жарым финалына чыкты.

Жусупбеков 97 кг салмакта күрөшүүдө. Ал чейрек финалдагы биринчи беттешинде индиялык балбанды 9:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты. Эми анын атаандашы өзбекстандык Рустам Ассакалов болот.

Ошондой эле 130 кг салмакта күрөшкөн Роман Ким да алгачкы беттешинде ирактык спортчуну 4:1 эсебинде утту. Эми ал жарым финалда казакстандык Алимхан Сыздыков менен күч сынашат.

Кыргызстандык эки балбан жарым финалда атаандашын жеңсе, Олимпиадага катышуу үчүн лицензия алат.

Беттештер саат 18:00до башталат.

Буга чейин 67 кг салмакта Амантур Исмаилов жарым финалга чыккан.

Олимпиаданын лицензиясы үчүн мелдеш: Исмаилов жарым финалга чыкты (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>