Мурдагы күйөөсүнүн колунан каза болгон Рахима бүгүн жерге берилет

Мурдагы күйөөсүнүн колунан каза болгон Рахима бүгүн жерге берилет

Бишкекте мурдагы күйөөсүнүн колунан каза болгон Рахима А. бүгүн жерге берилет. Бул тууралуу анын жакындары маалымдашты.

«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун  тарабынан видеодо маркум аял Орусияда миграция жүргөн учуру боюнча айтып берген. Ал балдарынан алыста иштеп жүрүү өтө кыйын болгонун белгилейт.

«Атасын мээримин көрбөй өскөн балдар бар. Алар эненин дагы мээримин көрбөсө келечеги кандай болот?», — дейт Рахима.

Белгилей кетсек, 33 жаштагы, үч баланын энеси Р.А. 3-апрель күнү үйүндө бычактан алган жаракаттардан каза болду. Ал күйөөсү менен бир нече жыл мурда ажырашып кеткен. Өзү 18 жашында турмушка чыгып, 22 жашынан 3 баласын өзү багып келе жаткан.

Анын мурдагы күйөөсү кармалып, ал «Адамды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө» айыпталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>