Камактагы адамдын өлүмү. Маркум отурган камерада видеобайкоо болгон эмес

Камактагы адамдын өлүмү. Маркум отурган камерада видеобайкоо болгон эмес

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Чүйдүн Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына барды. Жакында эле аталган камак жайында бир адам каза болгон.

Эскерте кетсек, буга чейин облустук милиция алдамчылыкка шектелип кармалган жаран 2-апрелде кечинде асынып каза болгону тууралуу кабарлаган. Маркум 1983-жылы туулган У.Б. аттуу жаран болгон.

Институттун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайдагы шектүүнүн сөөгү табылган камераны карап чыгышты. Алардын көңүлүн бурган бир жагдай болгон. Маркум отурган камерада видеобайкоо камерасы болгон эмес. Бирок эреже боюнча камера орнотулушу керек болгон. Ошол эле учурда камак жайындагы башка камераларда видеобайкоо орнотулган.

Белгилүү болгондой, шектүү 30-мартта кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ал 1-апрелде Бишкектеги №1 тергөө абагына которулмак. Бирок анын өздүгүн тастыктаган документтери жок болгондуктан, тергөө абагындагылар аны кабыл алган эмес. Шектүү убактылуу кармоочу жайга кайтарылган.

Эртеси күнү башка кармалып тургандар сотко кеткенде, шектүү камерада калган. Бир аз убакыттан кийин ал асынып турган абалда табылган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын убактылуу кармоочу жайда камакта жарандардын укуктарын камсыз кылууга чакырды. Ошондой эле камактагылардын укуктарынын бузулушуна жол берген кызматкерлерге чара көрүү керектигин белгиледи.

 

Камактагы адамдын өлүмү. Сокулуктун милициясынын жетекчиси баштаган үч адам кызматтан алынды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>