Кыргыз-казак чек арасында кайра жүк ташуучу унаалардын кезеги түзүлдү

Кыргыз-казак чек арасында кайра жүк ташуучу унаалардын кезеги түзүлдү

Бүгүн, саат 12:00го карата “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл өткөрмө пунктунда Кыргызстандан чыгуу үчүн чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 410 жүк ташуучу каражаты кезекте турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандан Казакстанга өткөн суткада 297 жүк ташуучу транспорт каражаты өттү.

Чек ар кызматы өткөрүү пунктундагы узун кезекти айыл-чарба азыктарынын, эл керектөөчү товарлардын экспорттунун көөлөмүнүн өсүшү менен байланыштырат.

Казакстан жана Кыргызстан тараптан транспорттун өтүүсү үчүн эч кандай чектөөлөр жок.

Белгилей кетсек, август айында дагы кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болуп, айрым маалымат каражаттары аны Кыргызстан Казакстанга суунун агымын азайтканы менен байланыштырган. Тыгын президент Касым-Жоомарт Токаевдин тапшырмасынан кийин жоюлган.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында, 5-октябрь күнү чек арада топтолгон унаалардын саны 569ге жеткен. 9-октябрга, саат 15.00гө карата чек арада 160 жүк ташуучу транспорт кезекте турат.

Парламентте кыргыз-казак чек арасында айыл-чарба товарлары үчүн өзүнчө коридор түзүүнү сунуштады.

Чек арада айыл-чарба товарларына өзүнчө коридор түзүү сунушталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>