Муунтуп, уруп, кабыргасын сындырган. Шектүүлөр кармалды

Муунтуп, уруп, кабыргасын сындырган. Шектүүлөр кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда «Достук» чек ара өткөрмө пунктунда жасалган кылмышка  шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, былтыр 10-июнь күнү милицияга Сарай айылынын М. Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ошол күнү болжол менен саат 14:00до Кызыл-Кыштак айылында жайгашкан «Достук» чек ара өткөрмө пунктунда ага бейтааныш болгон атуул аны уруп, денесине жараат келтиргендигин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү (2017-жылкы редакция боюнча «Бейбаштык») боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Быйыл 18-январда жабырлануучу М. Н. кайра көрсөтмө берип, окуя болгон жерде «Ыса жана Акыл» аттуу жарандар уруп, муунтуп, көкүрөк көңдөйүнө уруп, бир кабыргасын сындырып койгондугун билдирген. Алган жаракатын соттук-медициналык кортундусу тастыктаган.

19-январь күнү шектүү катары 41 жаштагы А. А. жана 44 жаштагы А.Ы. аттуу жарандар кармалган. А. А. аттуу шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ал эми А.Ы. аттуу жаран 2018-жылдан бери Россиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн.

«Кылмышка шектүүлѳр жабырлануучуну ургандыгын тастыктап берген. Кылмышка шектүү 44 жаштагы А.Ы мурда 5 жолу сот жообуна тартылган», — деп билдиришти милициядан.

Азыркы учурда, кылмышка шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоого багытталган ыкчам-тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>