Эки апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды? Тизме

Эки апта ичинде кимдер жетекчилик кызматка дайындалды? Тизме

Кыргызстанда ушул жылдын 8-майынан 19-майына чейин бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Reporter.kg акыркы эки апта ичинде кызматка дайындалган жана кызматынан алынган жетекчилерди тизмектеди.

Надира Жусупбекова билим берүү жана илим министринин орун басары кызматынан бошотулду. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Жусупбекова 2018-жылдын апрелинен тарта бул кызматты аркалап келген.

Жайыл Русланов Жогорку Кеңештин Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Буга чейин ЖКнын басма сөз кызматын Эркинбек Каимов жетектеп келген. Ал өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Жайыл Русланов Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүн, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин магистратурасын аяктаган.

2016-жылдан бери Жогорку Кеңештин Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнүн консультанты, улук консультанты, эксперти кызматтарын аркалаган. 2019-жылдан тарта ЖК аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары болуп келген.

Чыңгыз Бапаев Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Бапаев Чингиз Арстанбекович Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды”, — деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын маалыматында.

Эрмат Жумаев Талас шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү тескемелерге мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.

Мурунку мэр Аскар Шабданов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетүү арызын жазган.

Буга чейин Эрмат Жумаев буга чейин Караколдун мэри болчу.

Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Самаев берген арызына ылайык кызматынан бошотулган. Документке президент Садыр Жапаров кол койгон. Президенттин башка чечими менен Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды.

Эскерте кетсек, Урмат Самаев 17-апрелде УКМК тарабынан кармалган. Анын кармалышы «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасындагы коррупциялык схемага байланыштуу болгону кабарланган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. 19-апрелде Самаев 1-июнга чейин камакка алынган.

Бирок 29-апрелде ал үй камагына чыгарылган. Белгилүү болгондой, Самаев мамлекеттин эсебине 25 млн сом төккөн. Аны менен бирге кызматын тапшыра турган болгон.

Президенттин башка чечими менен Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды.

Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын жаңы акыйкатчысы болуп шайланды. Жаманбаеванын талапкерлигин 48 депутат колдосо, дагы бир талапкер Бакыт Рысбековго 20 эл өкүлү добуш берди.

Жамиля Жаманбаева 1977-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку юридикалык билимге ээ. 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары болуп иштеген.

Буга чейин акыйкатчы болуп иштеп келген Атыр Абдрахматова кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган болчу.

19-майда Жамиля Жаманбаеваны Акыйкатчы институтунун борбордук аппаратынын жамаатына Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев тааныштырды.

Кыял Жанузакова президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн орун басарлыгынан бошотулду.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары Кыял Жанузакова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Жанузаков кызматында 2020-жылдын февраль айынан бери иштеп келген.

Таалайбек Ибраимов Баткен районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды. Буга чейин ал Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси, ошондой эле Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын эл аралык байланыштар, инвестиция жана туризм бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Алтынбек Болбур уулу Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин орун басары болуп дайындалды. Ал коомдук блокту көзөмөлдөйт. Бул кызматты буга чейин Бактыбек Осмонов аркалап келген. Ал ушул эле облустун Араван районунун акиминин орун басары болду. Осмонов Музаффар Мамасаидовдун ордуна келди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>