А.Атамбаевдин үйүн карылар үчүн мекеме кылуу пландалууда

А.Атамбаевдин үйүн карылар үчүн мекеме кылуу пландалууда

Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 2020-жылы 23-июндагы буйругуна ылайык, Кой-Таш айылындагы ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 12-апрелде “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн району, Кой-Таш айылы, №706 контурунда  2,70 гектар жерде жайгашкан, жалпы пайдалуу аянты 1385,5 чарчы метрди түзгөн ден соолукту чыңдоочу жай түрүндөгү мүлккө менчик укугу катталган.

“Фонддун кызматкерлери белгиленген тартипте мүлктү инвентаризациялоо жана изилдөө жүргүзүү үчүн жерине барышып, текшерүү жүргүзүшкөн. Күзөтчүнүн айтымында, ден соолукту чыңдоо борборунун бардык объектилеринде эмеректер жана жабдыктар болгон. Ошондой эле унаа токтотуучу жайда унаалар токтоп тургандыгы аныкталган.  Буга байланыштуу А.Атамбаевдин өкүлдөрүнө үч күндүн ичинде ден соолукту чыңдоочу жайдын бардык жайларын бошотууну камсыз кылуу сунушталган.  Андан кийин фонд тараптан А.Атамбаевдин тиешелүү өкүлдөрүнө 3  календардык күндүн ичинде кыймылсыз мүлк объектисин ден соолукту чыңдоочу жай түрүнө чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүлгөн”, — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон билдиргендей, аталган ден соолукту чыңдоочу борбордун базасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте кары-картаңдар үчүн социалдык мекеме уюштуруу пландалып жатат.

“Учурда мамлекеттик мүлктү сарамжалдуу пайдалануу максатында ММБФ Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен бирдикте КР министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыкты. Ага ылайык жогорудагы ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында карылар үчүн социалдык стационардык мекеме түзүү сунушталууда. Ушул эле жарлык менен мурда Бакиевдерге танадык болгон Бишкек шаарынын Жибек-Жолу кең көчөсүндө жайгашкан объектиде майыптыгы бар балдар үчүн реаблитациялык борбор түзүү пландалууда”, — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик мүлк фонду эскерткендей, А.Атамбаевдин тарапкерлеринин мамлекеттик мүлктү тескөөгө укугу жок.

Буга чейин мурдагы президент А.Атамбаевдин тарапташтары мурдагы президенттин резиденциясында эс алууга муктаж балдар үчүн бекер окуу, эс алуу, спорт комплекси ачыла турганын билдиришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>