Бишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды«Хейт мени чыйралтты»: Кыргызстан ханышасы Алена Хоменко соттор, авиация жана жеңиш тууралууКубакы ашуусу аркылуу жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилетКыргызстан менен Грузиянын парламент төрагалары Бишкекте алгачкы жолу жолугуштуӨкмөт айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө киргизилген тыюуну алып салдыБишкекте Жедигер Саалаевдин «Кошой Закым» роман-эпосунун бет ачары өтөт
Мындан ары Ала-Арчада кыргыз тасмалары акысыз көрсөтүлөт
22.07.2025 | 08:53
Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын коноктору эми кыргыз тасмаларын ачык асман алдында акысыз көрө алышат. Бул тууралуу Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы маалымдады.
Жайкы сезон аяктаганга чейин ар ишемби жана жекшемби күндөрү, саат 18:00дө, парктын амфитеатрында кыргыз фильмдери көрсөтүлөт. Кино көрсөтүү “Кыргызфильм” киностудиясы, “Ала-Арча” паркынын администрациясы жана “Айчүрөк” кинотеатры менен биргеликте ишке ашууда.
“Кино сүйүүчүлөргө тоолуу шартка байланыштуу жылуу кийинип келүү сунушталат. Толук маалымат алуу үчүн @alaarchapark Instagram баракчасына катталууга чакырабыз”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар