Ат-Башынын тургуну аш берүүнүн ордуна куран жарыш өткөрдү

Ат-Башынын тургуну аш берүүнүн ордуна куран жарыш өткөрдү

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылынын тургуну Сулайман Үмөтакунов жаш өспүрүмдөр арасында райондор аралык куран жарышын өткөрдү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сулайман Үмөтакунов жана жакындары өткөн жылы дүйнө салган Жусуп Солтонкулов жана Арун Солтонкулов аттуу агаларынын жаркын элесине арнап куран жарышын уюштурган. Алар аш берүүнүн ордуна куран жарышын өткөрүп, окулган курандардан пайда болгон соопторду маркумдарга багыштоону туура көрүшкөн.

Жарышта Ат-Башы районуна караштуу айылдардын имамдарынан куран сабагын алып жүргөн окуучулар күч сынашты. Жыйынтык катышуучулардын куранды так жана туура окугандыгы эске алуу менен чыгарылды. Алдыңкы орундарды багындырган жана жалпы катышкан өспүрүмдөргө уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган жарышка облус казысы Эрик Молдокулов, казынын орун басары Кумарбек Орозалиев, Ат-Башы районунун баш имам-хатиби Абдулла Тахиров жана Нарын шаарындагы «Юсуф Сыдык» атындагы балдар медресесинин жамааты катышып, сынакка калыстык кылышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>