Эртең Бишкекке газ менен жүргөн автобустар келет

Эртең Бишкекке газ менен жүргөн автобустар келет

Бишкек шаарына газ менен жүрө турган автобустар келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Урматтуу достор, эртең буюрса борбордук аянтта Бишкектин тургундары үчүн жакшы жаңылык болгону турат. Бул Кытайдан 120 жүргүнчү ташуучу автобустардын сатылып алынып келиши. Ал автобустар газ менен жүрөт. Учурда «Эмнеге чет жактан алабыз, атамекендик «Белес» компаниясынын автобустарын алса болбойбу» деген пикирлер да бар. Аталган жергиликтүү компания унутта калтырылган жок. «Белес» менен Бишкектин мэриясы сыноо иретинде беш унааны сатып алуу меморандумуна кол койгон. Аталган компания азыркы учурда дизель менен жүрүүчү бир автобусту чыгарган, ал эми Бишкек шаарынын бийлиги ыш көйгөйүнө байланыштуу экологиялык таза транспортко (газ жана электроэнергия менен жүргөн) артыкчылык берүүдө.  Анын үстүнө, учурда «Белес» компаниясында массалык түрдө, 100дөн ашуун автобус жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, учурда «Белес» компаниясы газ менен жүрө турган автобустарды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат, андан соң мэрия компаниянын автобустарын сыноо үчүн алат”-деп жазган.

Буга чейин борбор калаадагы тыгын маселесин чечүү үчүн газ менен жүрө турган автобустардын алынаары кабарланган. Азыркы тапта автопаркты жаңылоо боюнча үч долбоор ишке ашырылып жатканын маалымдалган. Биринчиси, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы берген каражатка газ менен жүргөн 250 автобус сатып алынууда. Биринчи этапта 124 автобус алынат. Алар 2023-жылдын биринчи жамырында келээри айтылган.

Ошондой эле кыргызстандык «Белес» компаниясынан беш автобус сатып алынаары айтылып, кийинчерээк шаар бийлиги ал компаниянын автобустары кымбат экенин эскертип, сатып алуудан баш тарткан болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Бишкекке жаңы автобустар качан алынып келери айтылды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>