Нарын дарыясы аркылуу мыйзамсыз жүк алып бараткандар кармалды

Нарын дарыясы аркылуу мыйзамсыз жүк алып бараткандар кармалды

27-февралда Жалал-Абад облусундагы чек арачылар Кыргызстандан Өзбекстанга аткезчилик жүктүн алынып өтүшүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аксы районунун Шалпай айылына жакын жерде Нарын дарыясы менен үйлөмө кайыкта Өзбекстандан Кыргызстанга бара жаткан белгисиз адамдарды чек арачылар байкашкан.

Артынан ээрчип барган чек арачылар алардын шериктештерин – үйдүн короосунда  мамлекеттик чек араны бузуучуларды күтүп турган Кыргызстандын дагы эки жаранын көрүшкөн.

Ал жакта кыргызстандыктар 49 даана сыналгы жана 3 үйлөмө кайык аткезчилик  жүгү жүктөлгөн Hyundai Porter үлгүсүндөгү унааны даярдап коюшкан. Товар жүктөлгөн унааны мамлекеттик чек араны бузуучулар Кыргызстандан Өзбекстанга чыгарып кетүүнү пландаштырышкан.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, аткезчилик жүк болжол менен 900 000 сомго бааланган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң  кармалгандар жана аткезчилик жүк мындан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>