Кыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
Суучул Денис Петрашов Азия чемпионатында алтын утту
27.02.2024 | 21:39
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.
Турнир ушул күндөрү Нью-Кларк-Ситиде (Филиппин) өтүп жатат.
26-февралда 200 метр аралыкка брасс жарышы болуп, ага жалпысынан 14 спортчу катышкан.
Алдын ала жарышта Петрашов 27,87 секунд убакыт көрсөтүп, 1-орунду ээледи. Алдын ала жарыштардын жыйынтыгы боюнча ал эң жакшы жыйынтык менен финалга өттү.
Финалдык сүзүүдө кыргызстандык спортчу 27,67 секундда сүзүп келип, Азиянын чемпиону болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт