УКМК сот аткаруучуну пара менен кармады (видео)

УКМК сот аткаруучуну пара менен кармады (видео)

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин экономикалык иштер боюнча сот аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Т.Н.Ж. аттуу сот аткаруучу 3-ноябрда 45 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалды. УКМК билдиргендей, аталган кызматкер чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынган Б.И.М. аттуу жарандын маселесин чечип берүү үчүн 45 миң сом опузалаган.

«Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Т.Н.Ж.нын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда мурда белги коюлган 45 миң сом табылды», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

«Белгилей кетсек, Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин сот аткаруучулар кызматынын бөлүмү административдик, жарандык жана жазык иштери боюнча айыппулдарды, тиешелүү мамлекеттик алымдарды мамлекеттин кирешесине өндүрүп алуучу жападан жалгыз мамлекеттик орган болуп саналат.

Ушуга байланыштуу УКМК системалуу мүнөздөгү ушуга окшош фактыларды документтештирүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда», — деп билдирет УКМК.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>