Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Нарын шаарында жол кире көтөрүлөт
24.01.2023 | 23:58
Нарын шаарында жол кире акысы жана таштанды төлөмдөрүнүн баасы жогорулайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаар аймагында маршруттук таксилердин жол кире акысы 10 сомго көтөрүлөт. Ушул тапта жол кире акысы окуучулар үчүн 5 сом болсо, эми 10 сом болот. Чоңдор үчүн жол кире акысы буга чейин эле 10 сом болгон.
Ошондой эле таштанды төлөмдөрүнүн да баасы 12 сомдон 20 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу 2022-жыл ичинде Нарын шаарынын 5 аймагында коомдук талкуулар өткөрүлүп, жыйынтыгында таштанды жана жол киренин баасын көтөрүү боюнча чечим Нарын шаардык кеңешине сунушталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом