Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Нарында 100 гектар жерге чычырканак өстүрүлөт
09.05.2025 | 16:58
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылында 100 гектар жерге чычырканак айдалат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, долбоорду “Нур” кооперативи жапон ишкерлери менен биргеликте Кош-Караташ участогунда ишке ашырат. Ошондой эле бул долбоорго Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин адистери көмөктөшөт.
“Бүгүнкү күндө иштер башталып, көчөттө алынып келинип, 1000 көчөт отургузулду. Кооперативдин бул демилгеси жергиликтүү айыл чарба секторун өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономиканы жандандырууга өз пайдасын тийгизет”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика