Аквапарктагы чөгүп кеткен баланын апасы окуяга түшүндүрмө берди

Аквапарктагы чөгүп кеткен баланын апасы окуяга түшүндүрмө берди

«Ала-Тоо» аквапаркына чөгүп кеткен баланын апасы окуя боюнча түшүндүрмө берди. Бул билдирүү анын Instagram баракчасына жарыяланды.

Аялдын айтымында, ата-энелер мекемеде куткаруучулар жана эки чоң кишилерди коштоочулар болот деп ишендиришти.

«Мен мектепке жана куткаруучуларга ишенгем. Бирок балам сууга чөгүп кетти, дароо тез жардам чакырышкан жок, тез жардам 15 мүнөттөн кийин эле келди, мен азыр баламсыз кандаймын, анын өлүмүнө ким жооп берет? Ошол учурда куткаруучулар кайда болушкан? Бир айдан кийин 10 жашка чыкмак… Ишенимдүү маалымат жазгылачы. Мен баламдын жанында болгон эмесмин, калп жазбагыла», — деп айтылат текстте.

Буга чейин «Ала-Тоо» аквапаркына No95 мектептин 3-классынын окуучусу чөгүп кеткени маалымдалган. Кечээ саат 11.00дөр чамасында Бишкек шаарындагы бассейнге жашы жете элек бала чөгүп кеткени тууралуу маалымат милицияга түшкөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>