Түн ката дүкөнгө уурулукка кирген адам 5,3 млн сом көтөрүп кеткен. Чоо-жайы

Түн ката дүкөнгө уурулукка кирген адам 5,3 млн сом көтөрүп кеткен. Чоо-жайы

Ош шаарында чоң соода дүкөндөн 5 млн 350 миң сом уурдоого шектелип чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 29-январга караган түнү Тилеке баатыр көчөсүндөгү соода дүкөнүнө белгисиз жарандар кирип, 5 млн 350 миң сом уурдап кеткен. Кылмышкерлер соода жай жайгашкан имараттын экинчи кабатына терезе аркылуу кирип, шыпты бузуп, биринчи кабатка түшкөн. Акчаны алгандан кийин келген жолу менен кайра кетип калган. Уурулук жасалганын билгенден кийин дүкөндүн ээси милицияга арыз менен кайрылган.

Бул кылмышка шектүү катары 9-февралда 26 жаштагы С.Б. чет элдик жаран кармалды. Ал Ош шаарындагы медициналык окуу жайда окуган студент болуп чыккан.

Милиция билдиргендей, шектүү өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмыш жасаганын мойнуна алган. Анын айтымында, ал дүкөндө акча болорун болжолдоп, уурулук кылууга камынып жүргөн. Ал үчүн беткап жана башка керектүү шаймандарды даярдаган.

Шектүүнүн көрсөтмөсүнө ылайык, ал экинчи кабатка шаты менен чыгып, терезени темир кескич (болгарка) менен аралап, бузуп кирген. Андан кийин экинчи кабаттан биринчиге түшүү үчүн темирден жасалган шыпты аралап, дүкөндүн ичине кирген.

Милиция кармагандан кийин ал уурдалган акчанын бир бөлүгүн — 819 миң 460 сомду кайтарып берген. Шектүү акчанын жарымынан көбүн долларга алмаштырып, 37,5 миң долларды (3 млн 353 миң сомдон ашык акча) мекенине которгон. Ошондой эле 1,6 миң долларды (143 миң сомдон ашык акча) окуусунун контракты үчүн төлөгөн. Калган акчаны өз кызыкчылыгына жумшаган (1 млн сомдон ашык акча – ред.).

Милициядан белгилешкендей, учурда алар шектүүнүн мекениндегилер менен байланышып, келтирилген материалдык зыянды ордуна коюу боюнча иштерди алып барууда.

Кармалган адам тергөө аяктаганга чейин камакка алынган.

Учурда тергөө уланууда.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>