“Чакан ГЭСтин” жетекчилеринин бири пара менен кармалды

“Чакан ГЭСтин” жетекчилеринин бири пара менен кармалды

“Чакан ГЭС” ААКнын жетекчилеринин бири пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жана козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында өлкөнүн энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын бети ачылды. Анда, “Чакан ГЭС” ААКтын жооптуу адамдары тарабынан курулуш иштери боюнча тендерлерди өткөрүүдө аткарылган иштердин сапатына зыян келишине карабай  алдын ала пара («откат»)  алышкан.

Тергөө тарабынан “Чакан ГЭС” ААКтын жетекчиси жеке ишкерлерден системалуу түрдө түзүлгөн келишимдин суммасынан 10% өлчөмүндө акча каражатын пара («откат») түрүндө талап кылганы, эгерде андан баш тартса, жеке компаниялар тарабынан аткарылган иштер үчүн акча каражатын төлөөнү кечеңдетүү менен коркутканы аныкталды.

Атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 150 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен А.М. кармалган.

Алынган далилдердин негизинде А.М. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>