Нарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча семинар өттү

Нарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча семинар өттү

Нарын облусунда Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун эксперттери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрү үчүн окутуучу семинарларды өткөрүштү.

Семинарлар 27-28-октябрда Нарын жана Кочкордо өтүп, ага бизнес-коомчулуктардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 100дөн ашык адам катышты.

«Иш-чараны президенттин Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана МЖӨ борбору демилгеленген. Семинарлар бизнес жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызыгуусун туудурду. Катышуучулар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдеринин негиздери, МЖӨ тармагындагы долбоорлорду жана ченемдик-укуктук актыларды демилгелөө процедуралары менен таанышты», — деп айтылат маалыматта.

Семинардын жүрүшүндө Кочкор жана Жумгал райондорунан келген өкүлдөр айыл чарбасы, логистика жана туризм тармагындагы долбоорлорду сунуштаган. Өз кезегинде Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун өкүлдөрү текстиль өнөр жайы, жүн жана сүт продукциясын кайра иштетүү, ошондой эле туризмди өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду сунушташты. Семинардын жыйынтыгы боюнча МЖӨ борборуна изилдеп жана карап чыгуу үчүн Нарын облусунан 10 долбоор келип түштү, аларды 2023-жылы баштоо пландалууда.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын өкүлдөрү «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун жана райондук өнүктүрүү фонддорунун иштеп жатканын айтып, алардын каражаттары экономикалык долбоорлорго, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө багыталарын белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: МЖӨ Нарын

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>