Баткенде Исхак Раззаковдун эстелиги ачылды — сүрөт

Баткенде Исхак Раззаковдун эстелиги ачылды — сүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендин Раззаков шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргызстандын баатыры Исхак Раззаковдун эстелигин ачуу аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров Исхак Раззаковдун мамлекетибиздин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгиледи. Ошондой эле, ал Исхак Раззаков экономика, мамлекеттик пландоо, агартуу тармагында иштеп, советтик жетекчи катары өзбек элине кызмат кылганын айтып өттү.

«Биздин Өзбекстан менен жакшы мамилебиз бар, туризм өнүгүүдө. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктап жатат», — деди ал.

Жапаров мамлекеттик ишмердин масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга кошкон баа жеткис салымын баса белгиледи. Тактап айтканда, Чоң Чүй каналынын, суу топтоочу жайдын жана плотинанын курулушу, республикадагы биринчи ГЭС – Үч-Коргон ГЭСинин курулушу жыйынтыкталган.

«1951 — 1955-жылдары республикада 48 жаңы өнөр жай ишканалары ишке киргизилген. Мисалы: Фрунзедеги жип ийрүү-токуу фабрикасы (камволдук комбинат), Аламүдүн ГЭСи, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларындагы кирпич заводдору, Кыргызстандын тоо-кен комбинаты, Кара-Суу май комбинаты). 1950-жылдардын экинчи жарымында 21 өнөр жай ишканасы жана 50ге жакын цех иштей баштаган. Алардын ичинде Токтогул ГЭСинин долбоору, Фрунзе шаарындагы ЖЭБ курулушу, Октябрдын 40 жылдыгы атындагы кийим тигүү фабрикасы, Нарын шаарындагы нан комбинаты,  Көк-Жаңгактагы Сары-Булак көмүр шахтасы, Орто-Токой, Наманган, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарынын курулушу бар.

Республиканы жетектеп турганда Төрт-Көл, Папан, Киров, Базар-Коргон суу сактагычтары иштей баштаган. Бишкек ЖЭБинин курулушунун негизги иштери 1958-жылы башталган», — деди ал.

Жаапров Исхак Раззаковдун «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген сөзүн келтирип, мамлекеттик органдардын жетекчилерин элдин кызыкчылыгы үчүн таза иштөөгө чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>