Нарында мыйзамсыз 6 миңдей түп дарак кыйылганы аныкталды

Нарында мыйзамсыз 6 миңдей түп дарак кыйылганы аныкталды

Нарын облустук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө, 2019-2021-жылдар аралыгында башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары кызматтык милдеттерин кыянаттык менен пайдаланышып, жалпы суммасы 3 млн. 700 миң сомду түзгөн 5 785 түп дарактарды кыюуга мыйзамсыз уруксат беришкендиги аныкталды. Натыйжада, экологияга зыян келтирүү менен токойлордун жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн азайышына алып келген.

Бул факты боюнча курчап турган чөйрөгө келтирилген зыянды өндүрүү жана күнөөлүү кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>