Нарында ок атуу менен аяктаган айылдаштардын чыры. Соттун өкүмү

Нарында ок атуу менен аяктаган айылдаштардын чыры. Соттун өкүмү

Нарында былтыр июль айында ок атуу менен аяктаган айылдаштардын чыры боюнча үч адамга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу 5-апрелде Жогорку соттун сайтында айтылат.

Белгилүү болгондой, окуя былтыр 7-июлда болгон. Бул иш боюнча шектүү катары үч адам – К.Б., Ж.Б. жана Ж.Т. аттуу жарандар кармалган. Иш Нарын райондук сотунда каралган.

Соттун токтомунда айтылгандай, 2-июлда К.Б. жана Ж.Б. аттуу жарандар Ж.А. аттуу айылдашын сабаган. 7-июлда саат 22:00 чамасында ошол окуя жана башка нааразычылыктар боюнча Ж.А. жана 100гө жакын адам К.Б.нын үйүнө сүйлөшүү үчүн барган. К.Б. менен келгендердин ортосунда чыр чыгып, жаңжал унаа өрттөө, ок атуу менен коштолгон.

Айыпталуучу К.Б.нын айтымында, алардын үйүнө 7-июлда кечинде ондогон балдар келип, таш ыргатып, үйүнө кирүүгө аракет кылган. Окуя учурунда коргонуу максатында асманга, андан кийин келгендерге ок аткан. Айыпталуучу К.Б. үйүндө алты баласы, кошуна эжеси болгондуктан, үйдү өрттөп жиберет деп коркуп, ок атканын билдирген. Ал бул окуяда ок жеген беш адамдан жана алардын жакындарынан кечирим сурап, жабырлануучулар менен жарашканын айтып, соттон жеңил жаза сураган.

Ал эми, окуя учурунда ок жеген жабырлануучулардын айрымдары айыпталуучу К.Н.нын үйүнө сүйлөшүү, түшүндүрүү иштери үчүн барганын, айрымдары топтолгон элди көрүп, чогуу барып калганын айткан. Алар айыпталуучулар менен жарашканын айтып, ишти кыскартууну суранган.

Ал эми, К.Бнын үйүнө топтолуп барган элдин арасындагы күбөлөрдүн айтымында, алар айылдашынын үйүнө сүйлөшүү үчүн барган. Бирок алар үйүнө жетип, дарбазасын такылдатканда үй ээси терезеден ок чыгарган.

Сот тараптарды жана күбөлөрдү угуп, К.Б., Ж.Б. Ж.Т. аттуу айыпталуучуларды 4 жылга соттогон. Ошол эле учурда, аларды эркинен ажыратуу жазасынан бошотуп, 1 жылдык пробациялык мөөнөт белгилеген.

Эскерте кетсек, окуя былтыр июль айында болуп, коомчулукта резонанс жараткан. Алгач, милициянын маалыматында, Хутор-Ак-Талаа айылынын жашоочусунун үйүнө 30-40 адам келип, үйүнүн терезелерин, эшиктерин таш менен талкалап, дарбазасынын сыртындагы унаасын өрттөгөнү, ошол учурда үй ээси ок атуучу курал менен топтолгон элди карай ок чыгарганы айтылган.

Кийинчерээк милиция К.Б. аттуу тургундун үйүнө айылдын 40-60ка чукул тургуну сүйлөшүү үчүн келишкенде, үй ээси ок атуучу куралы менен топтошкон элге ок чыгарганын, бул окуяга байланыштуу 3 адам кармалганын кабарлаган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>