Алмазбек Бейшеналиевдин иши сотто. Азыр эмне белгилүү?

Алмазбек Бейшеналиевдин иши сотто. Азыр эмне белгилүү?

Былтыр сентябрь айында пара алууга шектелип кармалган мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин иши сотто карала баштады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Бейшеналиевдин иши боюнча алдын ала соттук отурум болуп, ал жабык өткөн. Кийинки соттук процесс 18-апрелге саат 14:30га белгиленген. Соттук отурум ачык өтөт.

Буга чейин ИИМ Бейшеналиевдин иши сотко өткөнүн билдирген.

Эскерте кетсек, Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылдын 28-сентябрында пара алууга шектелип кармалып, андан кийин эки айга камакка алынган.

ИИМдин маалыматы боюнча, анын кармалышы чет элдик студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга өткөрүү үчүн пара (110 миң доллар) талап кылуу фактысына байланыштуу. Бейшеналиев кармалгандан кийин анын үйүндө тинтүү жүрүп, ал пара катары алган 37,5 миң долларды, кийинчерээк 62,5 миң долларды кайтарып бергени кабарланган.

ИИМ Бейшеналиевдин пара менен кармалды деген видеосун чыгарган. 3-октябрда Бейшеналиев министр кызматынан алынган.

Ошол эле учурда, мурунку министр күнөөсү жок экендигин, «пара» деп айтылган акча билим берүү тармагындагы долбоор үчүн тартылган инвестициялык каражат экенин билдирген.

18-октябрда мурдагы министр үй камагына чыгарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>