Нарында айылдаштардын жаңжалы ок атышуу менен аяктады. Чоо-жайы

Нарында айылдаштардын жаңжалы ок атышуу менен аяктады. Чоо-жайы

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жаракат алышты. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-июль күнү саат 22:48 чамасында Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө  Хутор-Ак-Талаа айылынын жашоочусунун үйүн адамдар аткылап жатат деген маалымат түшкөн.

Аталган билдирүү Нарын РИИБге катталган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: Хутор-Ак-Талаа айылынын К.Б, аттуу тургундун үйүнө  30-40ка чукул айыл тургундары чогулуп келип, үйүнүн терезелерин, эшиктерин таш менен талкалап, дарбазасынын сыртында турган “Субару-Аутбек” үлгүсүндөгү унаасын өрттөп башташкан. Ошол учурда үй ээси үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган.

Натыйжада аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген. Үчөөнүн абалдары оор болгондуктан аларга операция жасалган, ал эми калган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

“Уруштун келип чыгышына  жер талаш себеп болгон. Ушул окуядан кийин эки тарап бири-бирин күнөөлөп, арыз жазышкан. 7-июль күнү айылдын тургундары, көбүнчө жаштар, К.Бнын  үй-бүлөсүнө нааразы болуп, сүйлөшүү үчүн барышканда уруш чыгып, ал ок атышуу менен аяктаган”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган окуяга тиешеси бар шектүү адамдарды аныктоо жана окуянын келип чыгуу себебин тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми жогорудагы катталган материал боюнча алынган заттарга тиешелүү экспертизалар жана жабыркаган адамдардын денесинен алган жаракаттарын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, азыркы убакта  тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Аталган факт боюнча иликтөө жүргүзүлүп, облустук милициясы аталган айылда коомдук тартипти сактоодо.

Буга чейин Нарын облусунда 4 жигит октон жаракат алып, оор абалда ооруканага түшкөндүгү маалымдалган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Нарын

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>