Нарында жол кырсыктан 4 адам жабыркады — сүрөт

Нарында жол кырсыктан 4 адам жабыркады — сүрөт

Кочкор районунда 2-декабрь күнү саат 21:08 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 216-чакырымында “КамАЗ” оор жүк ташуучу унаасы жана Toyota Nadiа унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркаган (1 эркек: 1985-ж.т. Ө.М., 2 аял: 1990-ж.т. К. к Г., 1951-ж.т. С.И. жеңил жаракат алышкан жана 1 аял: 1993-ж.т. Т.А. оор жаракат алган).

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>