Кармалган 11 журналисттин төртөө үй камагына чыгарылды

Кармалган 11 журналисттин төртөө үй камагына чыгарылды

Январда кармалган журналисттердин төртөө 13-майга чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн Биринчи май райондук соту чечим кабыл алды.

«Политклиника» медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбек, «Арча медианын» кызматкери Сайпидин Султаналиев, “Темиров Лайвдын”  өкүлү Максат Тажибек уулу жана мурдагы журналистти Жоодарбек Бузумов камактан чыкты. Алардын бөгөт чарасы тергөөнүн өтүнүчү менен кайра каралган.

Буга чейин  Сапарбек Акунбеков, Акыл Орозбеков жана Жумабек Турдалиев абактан чыгарылган.

Учурда Махабат Тажибек кызы, Айка Бейшекеева, Актилек Капаров жана Азамат Ишенбеков камакта.

Эскерте кетсек, быйыл 16-январда ИИМдин кызматкерлери Temirov Live’да мурда жана азыр иштеп жаткан кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, андан кийин суракка алып кеткен. Ошол эле күнү 11 журналист камакка алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>