Видео: Нарындын тургуну «Йакын Инкар» экстремисттик уюмунан чыкты

Видео: Нарындын тургуну «Йакын Инкар» экстремисттик уюмунан чыкты

Нарын облусунда «Йакын Инкар» диний-экстремисттик агымынын мүчөсү анын ишмердүүлүгүнө катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, өлкө аймагында тыюу салынган «Йакын Инкар» диний-экстремисттик агымынын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар Нарын шаарынын А.Н. аттуу тургуну кармалган. Ал жогорудагы тыюу салынган агымдын идеяларын активдүү жайылтып жүргөн.

«5-декабрда УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ыкчам иш-чаралар көрүлүп, облустук дин кызматкерлери менен биргеликте А.Н. карата алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында, ал тандап алган жолунун туура эместигин эл алдында мойнуна алып, мындан ары бул экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө катышуудан баш тартты», — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>