Азия кубогу: Кыргызстан 9 оюнчусу менен Сауд Арабияга 0:2 эсебинде жеңилди

Азия кубогу: Кыргызстан 9 оюнчусу менен Сауд Арабияга 0:2 эсебинде жеңилди

Кыргызстандын футбол курамасы Азия кубогунун тайпалык баскычындагы экинчи беттешинде Сауд Арабияга 0:2 эсебинде жеңилди.

Бул оюнда кыргызстандык футболчулар биринчи Таиланд менен болгон беттешке караганда жакшыраак ойноду. Бирок беттештин жүрүшүндө “ак шумкарлардын” эки футболчусу оюндан чыгарылып, бул да болсо оюнга кедергисин тийизди. Беттеш башталып-башталбай жатып, 9-мүнөттө, атаандашына каршы эреже бузган коргоочу Айзар Акматов кызыл айып кагазын алды. Алгач оюндагы калыс ага сары айып кагазын көрсөткөн. Бирок VAR системасын карап отурган жардамчылары калыска Акматовдун эреже бузуусу кызыл айып кагазына татый турганын айткандан кийин ал кайталоону карап чыгып, кыргызстандык футболчуга кызыл айып кагазын көрсөтүп, оюндан чыгарды. Ошону менен көк майсаңда “ак шумкарлардан” оноо гана калды.

35-мүнөттө сауд арабиялыктар гол киргизип, алдыга чыкты. Беттештин биринчи бөлүгү 0:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Экинчи бөлүк башталып-башталбай жатып, 52-мүнөттө, кыргызстандык дагы бир оюнчу – жарым коргоочу Кими Мерк да эреже бузуп, VAR системасын карап чыккан калыс ага кызыл айып кагазын көрсөтүп, оюндан чыгарды. Ансыз да бир футболчуга аз ойноп жаткан “ак шумкарлар” көк майсаңда тогузоо гана калды. Ага карабай кыргызстандык футболчулар коргонууга жетишип, айрым учурда алдыга кетип, чабуулга чыгууга аракет көрүп жатты. Бирок оюнчулардын аздыгынан андан майнап чыккан жок.

84-мүнөттө Кыргызстандын дарбазасына экинчи гол кирди. Андан көп өтпөй Сауд Арабиянын пайдасына пенальти берилип, Кыргызстандын дарбазасына үчүнчү голдун киришине аз калды. Жаңы гана алмашууга кирген коргоочу Амантур Шамурзаев өзүнүн айып аянтчасынын чийин жагында атаандашын чалып, кулатты. Калыс дароо пенальтини көрсөттү. Бирок VAR системасын карап отургандар ага эреже бузуу айып аянтчанын сыртында болгонун айтып, калыс пенальтини жокко чыгарды. Болгону айып соккусу берилип, аны сауд арабиялыктар голго айландыра алган жок.

Ошону менен оюн 0:2 эсебинде Сауд Арабиянын пайдасына жыйынтыкталды.

Экинчи беттешинде жеңилүү ызасын тарткан Кыргызстан бул мелдеште бир да упай ала элек жана өзүнүн F тайпасында акыркы орунда турат. Тайпада биринчи орунду Сауд Арабия (6 упай), экинчи орунду Таиланд (4 упай) жана үчүнчү орунду Оман (1 упай) ээлөөдө.

Кыргызстан бир да жеңишке жете албаса да, өз тайпасынан чыгууга мүмкүнчүлүгү дагы деле бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>