«Навальный» даректүү тасмасы «Оскар» сыйлыгын алды

«Навальный» даректүү тасмасы «Оскар» сыйлыгын алды

Канадалык режиссёр Дэниел Роердин “Навальный” аттуу тасмасы «Мыкты даректүү тасма» номинациясында «Оскар» сыйлыгын алды. Бул тууралуу «Голос Америки» радиосу маалымдады.

Режиссёр менен бирге Алексей Навальныйдын үй-бүлөсү, жубайы Юлия Навальная, кызы Дарья жана уулу Захар Лос-Анжелестеги Dolby театрынын сахнасында сыйлык алуу үчүн келишти.

Юлия Навальная сахнадан көрүүчүлөргө кайрылып: “Менин жолдошум чындыкты айтканы үчүн гана абакта отурат. Жолдошум демократияны коргогону үчүн эле түрмөдө отурат. Алексей, сен эркиндикке чыккан күнүңдү кыялданам. Ошондо биздин өлкө эркин болот», — деди.

Роер Навальныйдын үй-бүлөсүнө көрсөткөн эрдиги үчүн ыраазычылык билдирип, тергөөчүлөр Христо Грозев менен Мария Певчихке ыраазычылык билдирип, сыйлыгын орусиялык оппозиционерге арнады.

«Мен бул сыйлыкты Алексей Навальныйга жана дүйнө жүзүндөгү бардык саясий туткундарга арнагым келет», — деди режиссер.

«Навальный» (Navalny) тасмасы учурда Орусиянын абагында жаткан орус оппозициясынын лидеринин тагдырына арналган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>