Депутаттыкка ат салышкан спортчу Лондондогу мелдеште күмүш утту

Депутаттыкка ат салышкан спортчу Лондондогу мелдеште күмүш утту

Абдурахман Муртазалиев Лондондо (Улуу Британия) өткөн жиу-житсу боюнча «Чоң Шлем» AJP TOUR мелдешинде күмүш байге утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Муртазалиев 85 кг салмакта (кара кур ээлери арасында) күч сынашып, таймашты 1/8 финалдан баштаган. Ал Россия, Уругвай жана Бразилиядан келген үч атаандашын катары менен жеңип, финалга чыккан.

Ал эми, финалда бразилиялык спортчуга утулуп, күмүш байге тагынган.

Департаменттен белгилешкендей, бул күмүш байге — кыргызстандык балбандар жиу-житсу боюнча кара кур тагынган спорчулар арасында уткан биринчи медаль.

Эскерте кетсек, былтыр Муртазалиев Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп, шайлоону утуп чыккан. Бирок шайлоо учурунда мыйзам бузуулар болгон деген жүйө менен ал шайлоодон четтетилген. Муртазаилев ал чечимге макул болбой, шайлоону таза жеңгенин билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>