Ниязбеков кылмыш иликтөө кызматкерлерин куттуктады

Ниязбеков кылмыш иликтөө кызматкерлерин куттуктады

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кылмыш иликтөө башкармалыгын 105 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

«Урматтуу кесиптештер! Урматтуу кылмыш иликтөө кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди 105 жылдык мааракеңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Кылмыш иликтөө кызматкерлери ар дайым кылмыштуулук менен күрөшүүдө, кылмыштуу кол салууларга каршы турууда, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда, кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарууда алдыңкы сапта болуп келишкен жана болуп жатышат.

Бүгүнкү күндө дагы, көп жылдар мурда дагы кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызмат өтөө өмүргө  кооптуу болуп, ар дайым тобокелчилик менен байланышып келген. Кылмышкерлерди издөө, изине түшүү,   кармоо  — бул бөлүмдүн кызматкерлери туш болгон күнүмдүк иш.

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы укук коргоо тутумундагы эң ири, эң маанилүү жана элиталык бөлүмдөрдүн бири болуп саналат. Анын негизги максаты кылмыштуулук менен күрөшүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу, тергөөдөн жана соттон жашырынып издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо жана кармоо.

Кылмыш иликтөө бөлүгүндө кызмат өтөө эң татаал кызматтардын бири жана өз кесибине жан аябастык менен берилгендикти, ошондой эле жогорку билимди жана мол тажрыйбаны талап кылат. Ошондуктан бул бөлүм ички иштер органдарынын түзүмүндөгү эң маанилүү жана беделдүү бөлүмдөрдүн бири бойдон калууда.

Мен кылмыш иликтөөнүн ардагерлерин куттуктайм жана ыраазычылыгымды билдирем. Анткени сиздер жаш муундун ыкчам кызматкерлерине жол көрсөтүп, баа жеткис тажрыйбаңыздар менен бөлүшүп, өзүңүздөрдүн   кызматыңыздаргага жан үрөп келесиздер.

Бүгүнкү кесиптик майрамдын ээлери! Сиздер чын жүрөктөн  айтылган куттуктоолорду кабыл алыңыздар! Баарыңыздарга жаңы жетишкендиктерди, кызматта ийгиликтерди, тынчтык жана бакубатчылыкты, сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук каалайм!», — деп айтылат куттуктоодо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>