Мектеп директорлорунун сегиз пайызы гана аялдар

Мектеп директорлорунун сегиз пайызы гана аялдар

Өлкө боюнча мектептердеги мугалимдердин 86 пайызын аялдар түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Мугалимдик кесип дагы эле аялдардын кесиби бойдон калууда. Эркектер көбүнчө мектепте башкаруучу орундарда гана иштешет. Директор жана орун басарларынын 8 пайызы — аялдар, 92 пайызы – эркектер.

Жалпысынан өлкөдө 83 миңге жакын мугалим бар. Алардын 26 миңге жакыны шаарда, 58 миңден ашыгы айыл жеринде иштейт.

Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 17 окуучу туура келет. Шаардагы бир мугалимге  21 окуучу туура келсе, ал эми айылдардын мектептеринде – 15.

2021-жылы республиканын иш менен камсыз болгон калкынын жалпы санынын 9 пайыздан ашыгы билим берүү чөйрөсүндө эмгектенген.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк мугалимдер күнү 1994-жылы негизделген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>