Ош облусунун Ноокат жана Өзгөн райондорунда 27-28-февралда укук бузуулардын алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Иш-чарага облустук милициянын жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилиги жана райондук ички иштер бөлүмдөрдүн өздүк курамы катышты.
Семинардын негизги максаты укук бузуулардын алдын алуудагы жер-жерлердеги көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү жолдорун аныктоо болуп саналат.
Эскерте кетсек, 28-февралда Бишкекте «Коопсуз өлкө — туруктуу келечек» аттуу форум уюштурулду. Аталган иш-чара март айынын башында Ош облусунда өтөт.