Эми кыргызстандыктар Кытайга малина, бүлдүркөн жана карагатты экспорттой алышатКыргызстанда пайдубалы толук бүтө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салындыКыргызстанда 62 миң сом төлөмү менен «Манасчы» макамын киргизүү сунушталуудаЖогорку соттун төрагасы ишти создуктурган судьяларга катуу чара көрүлөрүн эскертти«Кыргызкөмүр» Кара-Кече үчүн 26 млн сомго жаңы техника сатып алдыБишкек шаарында жаңы сквер курулууда
Көчмөндөр оюндары: көкпар боюнча биринчи күндүн жыйынтыгы чыкты
02.09.2026 | 16:25

Бүгүн, 2-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көкпар боюнча мелдештер башталды.
Мелдештин биринчи күнүндө үч оюн өтүп, төмөнкүдөй жыйынтыктар болду:
- Кыргызстан: 12 — Монголия: 1;
- Орусия: 11 — Венгрия: 1;
- Өзбекстан: 4 — Ооганстан: 1.
Оюндардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан, Орусия жана Өзбекстан курама командалары жеңишке жетишти.
Эске салсак, бүгүн кыргызстандык спортчуларды дагы бир маанилүү беттеш күтүп турат. Саат 16:05те кыргыз курамасы АКШнын командасы менен көк бөрү боюнча таймашка чыгат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, көкпар