Ноокат жолу асфальтталып бүттү

Ноокат жолу асфальтталып бүттү

Ош — Баткен — Раззаков унаа жолуна (Ноокат) асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, Ноокат жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. Алдыда жол сызыктары чийилип, 1-сентябрга чейин жол белгилери орнотулат.

Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырым аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11- чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт.

Министр белгилегендей, бул жол өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен казынадан каралган каражатка «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы тарабынан оңдолуп, жумуштар эки тилкеде (Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун 27+960 – 34+400 жана 40+350 – 46+910 чакырым аралыгында) жүргөн. Жаңы келген 265 техниканын бир бөлүгү биринчи кезекте Ош-Баткен-Раззаков жолуна жеткирилип, атайын алынып келинген унаалар ишти кыйла ыкчамдатты.

Белгилей кетсек, 2016-жылдан бери убада берилип, бирок жасалбай келген Ноокат жолун калыбына келтирүү иштери 2023-жылдын март айында башталган. Анда министр Ноокаттын жолун 1-сентябрда бүтүрүүнү убадалаган. Июль айында Министрлер кабинетинин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев министрге эскертүү берип, «иш убагында бүтпөсө иштен кетесиз» деген эле.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>