Ноокатта электр энергиясынын көрсөткүчтөрү жасалмаланган. Башкы прокуратура иш козгоду

12.08.2026 | 14:47
Ноокатта электр энергиясынын көрсөткүчтөрү жасалмаланган. Башкы прокуратура иш козгоду — Новости Кыргызстана

Ноокат районунда электр энергиясынын көрсөткүчтөрүн жасалмалоодон мамлекетке 4,8 млн сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облустук прокуратурасы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын Ноокат райондук электр тармактарында (РЭТ) текшерүү жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында РЭТтин кызмат адамдары 2025-жылы сегиз айыл өкмөткө караштуу бюджеттик мекемелердин электр энергиясын керектөө көрсөткүчтөрүн жасалмалаганы аныкталган. Тактап айтканда, алар мыйзамсыз актыларды түзүү аркылуу иш жүзүндө колдонулбаган 1 млн 218 миң 365 кВт/саат энергияны ашыкча жазышкан. Бул аракеттердин натыйжасында мамлекетке 4 млн 826 миң 127 сом материалдык зыян келтирилген.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Scroll to Top