Кыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодоТокмокто улгайган аялды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы эркек киши кармалдыКР Министрлер кабинети алюминий сыныктарын, анын ичинде ЕАЭБге чыгарууга тыюу салууну сунуштоодоБишкек мэри Жапаровдон эмне үчүн тил укканы жана президент менен туугандыгы тууралуу имиштер боюнча жооп бердиЭр-Рияддагы аэропортко экинчи жолу чабуул жасалды. Кыргызстандын ТИМи соккуларды айыптады
Министрлик: чет өлкөгө иштөөгө чыгып жаткан жарандар атайын даярдыктан өтүүгө милдеттүү
12.08.2026 | 15:08

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөгө иштөө үчүн чыгып жаткан жарандарга жана жеке ишке орноштуруу агенттиктерине кетер алдындагы даярдыктан өтүү милдеттүү экенин эскертет. Талап №49 жобонун 7-бөлүмүнө ылайык белгиленген.
Мекеменин маалыматында, жеке ишке орноштуруу агенттиктери ар бир талапкерди кетер алдында окутууга жана тиешелүү маалыматтар менен тааныштырууга милдеттүү.
Даярдык программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- баруучу өлкөнүн миграциялык мыйзамдары жана кирүү эрежелери;
- жашоо жана эмгектенүү шарттары;
- мигранттардын укуктары жана милдеттери;
- барган өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрү;
- финансылык сабаттуулук;
- мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана алардын алдын алуу;
- өзгөчө кырдаалдардагы аракеттердин алгоритми;
- эмгек укуктарын коргоо боюнча сунуштар.
Бул чара жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана чет өлкөдө ишке орношуудагы тобокелдиктерди азайтуу максатында киргизилген. Министрлик агенттиктерди аталган талаптарды так аткарууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: миграция