Кыргызстанда сот тутумунун 15 объектиси курулууда, дагы тогуз имарат куруу пландалганТалас шаарында 5 миң орундуу «Талас-Арена» борбордук стадиону ачылдыБишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кыш мезгилине токтотулдуАКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келиндиСадыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулатМСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргизди
Манас шаарында 500 орундуу мектеп курулуп жатат
12.08.2026 | 14:26

Манас шаарында Роза Азимова атындагы 500 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Мектептин курулуш иштери ушул жылдын март айында башталган, учурда ал 60%га бүттү. Имараттын сыртын жылуулоо башталды жана чатырын жабууга даярдыктар көрүлүүдө. Ошондой эле ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат.
Мекеме иштин сапаты Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө экенин билдирди. Жалпысынан Манас шаарында министрлик тарабынан алты жаңы мектеп салынып жаткандыгы маалымдалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом