Ноокатта окуучулар боз үйдө окуп жатышат. Көйгөй качан чечилет?

Ноокатта окуучулар боз үйдө окуп жатышат. Көйгөй качан чечилет?

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу тийиштүү жетекчилер менен бирге Ноокат районундагы бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышты.

Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылы Көк-Бел айылына таза суу үчүн 47 млн акча каражаты каралып, бирок бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет. Быйыл болгону 1 млн акча бөлүнгөн. Андан тышкары, аталган айылда сугат суу маселеси да курч.

Ал эми Жаңы-Базар айылындагы ооруканын төрөт бөлүмү дарыгерге муктаж. Буга кошумча жалпы баасы 93 млн сомдук жаңы оорукананын долбоору даярдалган, бирок бүгүнкү күнгө чейин акча бөлүнбөй турат.

Мындан сырткары, Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Арбын айылындагы 100 орундуу «Жеткинчек» балдар бакчасына 33 млн 819 миң  сом каралган.  Бүгүнкү күндө болгону 5.5 млн сомдук иш аткарылып, токтоп турат.

Эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү К.Жунусов атындагы орто мектебинин абалынан да кабар алды. Мектеп  капиталдык оңдоого өтө муктаж. Жалпы 11 млн сом эсептелип, учурда  6.5 млн сомдук гана иштер жасалган, дагы кошумча 6.3 млн сом талап кылынууда.

Ошондой эле райондун Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү Н.Пазылов атындагы орто мектебинин окуучулары убактылуу боз үйдө окуп жатышат.

Ал эми Ноокат райондук маданият үйү да капиталдык оңдоого муктаж. 17 млн сомго 3 жыл мурун сметасы түзүлгөн. Бул райондогу маданият ордосунда көптөн бери иш-чаралар өткөрүлбөй, кооптуу болуп калган. Райондук музейдин да абалы начар.

Депутат бардык маселелердин чечилишин өз көзөмөлүнө аларын билдирип, тийиштүү жумуштарды алып барарын билдирди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>