Ысык-Ата: 59 жаштагы Боровинский дайынсыз болуп изделүүдө

Ысык-Ата: 59 жаштагы Боровинский дайынсыз болуп изделүүдө

Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан дайынсыз жоголгон 1962-жылы туулган Михаил Юрьевич Боровинский изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Боровинский 2021-жылдын 11-декабрында саат 15:00 чамасында Ысык-Ата районунун Садовая көчөсүндөгү №62 даректе жайгашкан «Кыргызавтомаш» заводунун дача конушундагы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 185-190 см, арыкчырай, чачы кыска боз, көзү күрөң, мурду түз.

Өзгөчө белгилери: оң колунун сөөмөйүнүн учу жок.

Кийген кийимдери: кара куртка, көк жынсы шым, кара өтүк.

Милиция кимде бул адам тууралуу маалымат болсо, Чүй ОИИБнин нөөмөт бөлүмүнө (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө (0312) 61 69 07, 0702 44 44 88.0703 17 17 25 (издөө тобу) чалып кабарлоону суранат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>