Ноокенде өзбек жараны киши колдуу болду. Беш шектүү кармалды

Ноокенде өзбек жараны киши колдуу болду. Беш шектүү кармалды

Жалал-Абад облусунда өзбекстандык жаранды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүу делип төрт адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-октябрь күнү саат 15:00 чамасында Ноокен РИИБдин 102 телефон номерине 35-40 жаштар чамасындагы эркек кишинин киши колдуу болуп каза болгону тууралуу милицияга кабар келип түшкөн.

Жансыз дене Ноокен районунун Кең-Сай айылына баруучу автоунаа жол менен Бишкек —  Ош унаа жолунун 488-чакырымынын кесилишкен жеринен 100 метр алыстыкта жолдун четиндеги арыктын ичинде болгон.

Бул маалымат боюнча окуя болгон жерге Ноокен РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана жектекчилиги чыгышып, кароо жүргүзүлүп, схемалар чийилип, фото таблицалар түзүлүп ишке керектүү материалдар чогултулуп алынган.

Кароо жүргүзүү учурунда, табылган өлүктүн денесинде киши колдуу болгон жаракаттары бар, колдору жана буттары жип менен байланган абалда экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Ноокен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш  иши  козголгон  жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында табылган өлүк — Өзбекстандын Наманган областынын 38 жаштагы тургуну экендиги аныкталган.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн кечиктирилгис түрдөгү ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына шектүү катары Шамалдысай шаарчасынын тургундары 1987-жылы туулган Н.С., Т.Н., К.И., 1991-жылы туулган К.А. жана Ноокен районунун тургуну 1993-жылы туулган А.Н. тергөөгө камсыздалган.

Ошондой эле бул кылмыш окуя кызганычтан улам келип чыккандыгы жана жабырлануучуга карата мыкаачылык мамиле жасалып денесине оор жараттарды келтиргендиги аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзүлүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>