«Поддубный лигасы» мелдешинде Акжол Махмудов күрөшөбү? Жооп

«Поддубный лигасы» мелдешинде Акжол Махмудов күрөшөбү? Жооп

Кыргызстанда Poddubny Wrestling League мелдеши өтөт. Бул тууралуу Россиянын Спорттук күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили билдирди.

Анын айтымында, үчүнчү жолу уюштурула турган мелдеш Кыргызстанда ноябрь айынын аягында, декабрь айынын башында өтөт. Мелдеш өткөрүлө турган так дата жакынкы күндөрү белгилүү болот.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен россиялык балбан Роман Власовдун таймашы тууралуу көп мезгилден бери айтылып келе жаткандыктан, бул боюнча билүү үчүн  Reporter.kg Акжол Махмудовдун машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго кайрылды.

Машыктыруучунун айтымында, Махмудов бул мелдешке катышпайт.

«Акжол күрөшпөйт. Ал Германияга барып, бутун профилактикалык дарылоодон өткөргөн. Жаңы жылга чейин өзүнө келе албайт. Азыр балдак менен жүрөт. Аны менен бир ай жүрөт», — деди ал.

Эскерте кетсек, Poddubny Wrestling League мелдеши быйыл түзүлгөн. Биринчи беттеш Москвада 19-20-майда болуп өткөн. Ага онго жакын өлкөдөн, анын ичинде кыргызстандык спортчулар катышкан. Ал эми экинчи турнир октябрь айында уюштурулган. Анда Эрназар Акматалиев менен Жоламан Шаршенбеков катышып, жеңүүчү болушкан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>