Бишкекте аял жүк ташуучу унаанын астында калып, каза болдуОшто аэропорт кызматкери мыйзамсыз миграцияны уюштурууга шектелип кармалдыБишкекте балыкты кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке кирдиКыргызстанда атын же фамилиясын кантип өзгөртсө болот жана эмнелерге тыюу салынат: «Кызмат» ММнин түшүндүрмөсүБишкекте М. Иманалиев көчөсүнүн айрым тилкелери оңдоого жабылатЧоң-Кеминде ак илбирсти коргоого арналган экологиялык фестиваль өтөт
Новосибирск шаарынан Бишкекке 184 жаран жана гумжардам келди
31.07.2020 | 11:45
31-июль күнү Новосибирск-Бишкек багытындагы чартердик каттам менен 184 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Андагы билдирүүдө айтылгандай, учуп келгендердин басымдуу бөлүгү кош бойлуу, балалуу аялдар, улгайган жана оорукчан адамдар, студенттер болгон. Алар Новосибирск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Түштүк Сахалинск, Хабаровск, Красноярск шаарларынан, ошондой эле Сибирь федералдык районунун шаарларында жашаган жарандар.
Мындан тышкары аталган каттам менен Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасы тарабынан200 миң рублдык медицина жабдыктары дагы келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом