Нур-Султанда кайрадан Сиря маселеси талкууланды

Нур-Султанда кайрадан Сиря маселеси талкууланды

Казакстандын борбору  Нур-Султан шаарында Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы Орусия, Иран жана Түркия өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

1-2 август күндөрү өткөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында Сириянын Идлиб провинциясынын түндүк-батышындагы жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы кырдаал, ошондой эле Сириянын конституциялык комитетин түзүү талкууланды.

Москва, Тегеран жана Анкара Сирия жаңжалында ар кайсы көз караштагы күчтөрдү колдошот. Бирок үч мамлекет тең 370 миңден ашык адамдын өмүрүн алган жана миллиондогон кишини жер которууга аргасыз кылган Сирия согушун толук токтотууга кызыкдар экендигин билдирип келишет.

Иран менен Орусия 2011-жылы мартта башталган Сириядагы жарандык согушта Асаддын күчтөрүнө олуттуу аскердик жардам көрсөтүп келишет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>